Кыргызстанда 9-майга карата согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-майга карата кандай төлөмдөр берилерин тизмектеди.
Маалыматка айтылгандай, Жеңиш күнүнө карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 млн 934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт:
– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 600 сом;
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам – 20 400 сом;
– концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам – 20 400 сом;
– “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам – 20 400 сом;
– Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1 адам – 15 200 сом;
– Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам – 15 100 сомдон берилет.
Жалпысынан 637 адам 9 млн 934,5 миң сом бир жолку акчалай жөлөк пул алат.