Кыргызстанда 9 айда дээрлик 799 миң айдоочу жол эрежесин бузду

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында 898миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Эреже бузуулар төмөнкү эреже бузууларга таандык:
-мас абалында унаа башкарган 12 448 айдоочу;
-ылдамдыкты ашырып айдаган 135миң 141 айдоочу;
-терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 6185 айдоочу;
-тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 716 айдоочу;
-автоээнбаштык жасаган 1232 айдоочу;
-коопсуздук курун тагынбаган 112миң 29 айдоочу;
-жөө жүргүнчүлөр жана мопед башкаргандардын эреже бузуу учуру 28 603;
-жол белгилерине жана жол чийиндерине баш ийбеген 425миң 973 айдоочу;
Белгилей кетсек, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123миң 303 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.