Кыргызстанда 9 айда болжол менен 5 миң бала кыйынчылыктарга дуушар болду
Кыргызстанда быйылкы 9 айында 4 843 бала турмуштук оор жашоо шарттка дуушар болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына караганда, бул балдардын 2 514үнө жекече коргоо планы түзүлгөн, ал эми 2 488 бала кыйынчылыктан чыгарылган.
Ошондой эле 1 277 үй-бүлө социалдык колдоого муктаж деп аныкталган, алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык жардам, документтерди даярдоо же окууга жиберүү аркылуу кризистен чыккан.
Министрлик ошондой эле балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда.
Быйылкы 9 айда 444 бала ар кандай зордук-зомбулукка дуушар болгон, алардын баарына керектүү социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн.