Кыргызстанда 9 айда 496,4 миң баш ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү

 Кыргызстанда 9 айда 496,4 миң баш ири мүйүздүү мал идентификациядан өттү

2024 – жылдын  9 айында ЖИКС маалыматтык тутумунда 2 181,7 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,1 миң баш чочко, 502,0 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен республика боюнча 2024 – жылдын  9 айында 496,4 миң баш ири мүйүздүү мал, 5,9 миң баш чочко, 11,7 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды.

Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 119 үй канаттуулар чарбасында 160 үй канаттуулар фермасы, 1292 аары багуучу чарбада 103,5 миң аары бал челектер, 402 чарбада 1741 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

Республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2023 – жылы Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталды. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо пландалган кой-эчки 299,5 миң баш болсо, анын 129,4 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлдү.

ЖИКС маалыматтык тутуму менен 92 мал союулуучу жай, 5 чочко союулуучу жай толук кандуу иштеп жатат. 2024 – жылдын 9 айында 154564 баш ири мүйүздүү мал, 7300 баш жылкы жана 7495 баш чочко союлуп ЖИКС маалыматтык тутумунан чыгышталды.

Связанный пост