Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орду бар
Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:
- мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
- саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
- кассирлер – 151;
- соода агенттери – 63;
- менеджерлер – 59
- бухгалтерлер – 46;
- юристтер – 25;
- экономисттер – 7;
- инженер-строитель – 48;
- психологдор –18;
- тигүүчүлөр – 2276;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
- айдоочулар – 463;
- кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
- ар тараптуу жумушчулар – 2344.
Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт.
“Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 18 99 номерине чалып (иш күндөрү саат 09:00-18:00 чейин), маалымат алсаңыздар болот”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, zanyatost.kg веб порталынан республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери жайгашкан.