Кыргызстанда 8 айда 252,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Кыргызстанда быйылкы жылдын 8 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 252,5 млрд сомду түздү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өсүү темпи 102,4 пайызга жетти.
Ал эми кайра иштетүү өнөр жайында 68,7 млрд сомдук продукция чыгарылып, 144,4 пайыз өсүшкө жетти.
Белгиленгендей, акыркы 2-3 жылда дыйкан-фермерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор өз жемишин бере баштады.