Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды

 Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды

Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, быйыл июль айынан тартып томолой жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар аманаты ишке киргизилди. Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир бала үчүн 500 миң сомдон эсеп ачуу каралган.

“Ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат. Азыркы учурда 652 баланын тизмеси жана тийиштүү документтери такталып, атайын эсептер ачылды”, – деди министр.

Связанный пост