Кыргызстанда 55 кабатка чейинки имараттарды курууга болот
Кыргызстанда 50-55 кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жеке компаниялар максималдуу 27 кабат менен чектелип, асман тиреген имараттарды куруу жоопкерчилигин мойнуна алуудан коркуп келишкен. Бирок, кырдаал өзгөрдү.
“Башкаруу жөндөмүн көрсөткөн президент Садыр Жапаров келгенден кийин биз курулушта чоң секирик жасадык. Жакында 40 кабаттуу турак үйдүн курулушуна старт берилди. Жер титирөөгө туруктуулук жана башка параметрлер боюнча бардык анализдер жүргүзүлүп, жыйынтыктары оң чыкты”, — деп белгиледи министрдин орун басары.
Ал кошумчалагандай, архитекторлордун жана эксперттердин изилдөөлөрү Кыргызстандын шартында 40 кабаттан бийик имараттарды куруу мүмкүн экенин көрсөттү.
“50 жана андан да жогорку кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Бүгүн биз курулуш тармагын өнүктүрүүдө чоң кадам таштап жатабыз”, — деп баса белгиледи Иманакун уулу.
Булак “Кабар” агенттиги