Кыргызстанда 5 айда 7 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 5 айда 7 миңге жакын дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун алкагында жалпы 2 категория боюнча 2 млрд 661 млн 629 миң сомго 6 миң 664 насыя берилген.
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 270480,0 миң сомго 852 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК, 128105,0 миң сомго 420 насыя;
- “РСК Банк” ААК,142375,0 миң сомго 432 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2391149,0 миң сомго 5812 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК, 1285544,0 миң сомго 3158 насыя;
- “РСК Банк” ААК, 1105605,0миң сомго 2654 насыя.
Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 2 млрд 661 млн 629 миң сомго 6 миң 664 насыя берилди.
- “Айыл Банк” ААК , 1413649,0 миң сомго 3578 насыя;
- “РСК Банк” ААК, 1247980,0 миң сомго 3086 насыя.