Кыргызстанда 22-августтан тарта такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу тартиби киргизилет

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 22-августунан тарта такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу тартиби киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим президенттин “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде кабыл алынган. Лицензиялоо тартиби этап-этап менен ишке ашат. Соңку этап 1-декабрда бүтөт.
“Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды аныктоо үчүн атайын стационардык посттор коюлат. Мындан сырткары, алар мыйзамга ылайык, атайын автобекеттерден гана кызматын баштоого милдеттүү. Эрежелерди бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Лицензия алуунун баасы жеке жактар үчүн — 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн — 23 миң сом болуп белгиленген”, — деди Самбаев.
Ал белгилегендей, лицензия алуу үчүн төмөнкү талаптар аткарылышы шарт:
- Айдоочунун кеминде үч жылдык айдоо тажрыйбасы болушу керек;
- Медициналык кароодон өтүшү милдеттүү;
- Унаа сол рулдуу болууга тийиш.
“Бул чаралар такси кызматындагы коопсуздукту жогорулатуу жана тартип орнотуу максатында кабыл алынууда. Жарандар дагы мыйзамды колдоп беришсе абдан жакшы болмок. Себеби, коопсуз таксиге отуруп, өмүрүңүздөрдү тобекелге салган учурлар болбой койбойт. Бизде жана “Унаада” лицензия алган ар бир айдоочунун сүрөтү жана ал тууралуу тийиштүү маалыматтар болот. Эгерде айдоочу одоно эреже бузган же болбосо орой мамиле кылган учурлар болсо бизге дароо чалууга болот. Биз ыкчам түрдө тийиштүү иш-чараларды алып барабыз”,-деп белгиледи ал.
Булак “Кабар” агенттиги