Кыргызстанда 218 миңден ашык майыптыгы бар адам каттоодо турат

 Кыргызстанда 218 миңден ашык майыптыгы бар адам каттоодо турат

Кыргызстанда 218 миңден ашык майыптыгы бар адам каттоодо турат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, статистика жылдан-жылга өсүүдө.

Буга чейин ЖК депутаты Винера Раимбачаева Жанузаковадан ведомство майыптыгы бар адамдардын өсүүсүнө мониторинг жүргүзөрүнө кызыккан.

“Статистика оорулуулардын айрыкча балдар арасында өсүп жатканын көрсөтүүдө. Балдар тубаса, генетикалык жана башка патологиялар менен төрөлүшөт. Сиздер кырдаалды көзөмөлдөп жатасыздарбы? Ошол эле балдар SMA (жүлүн булчуң атрофиясы) менен оорушат.

“Эмне үчүн мындай болуп жатат?” — деп сураган.

Связанный пост