Кыргызстанда 21 кесиптик театр иштейт
Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген, анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын андан ары сактоо жана пропагандалоо болуп саналат.
Республикада театралдык искусство өткөн кылымдын 20-жылдарында жарала баштаган. 1918-жылы Караколдо биринчи элдик театр түзүлгөн, анын театр ышкыбоздор группасы, негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. 1920-жылы Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде да ышкыбоздук театрлар иштеген. Ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн.
Азыркы учурда республиканын аймагында 21 кесиптик театр иштейт. Театрлардын жалпы санынын ичинен Бишкек шаарында – 10, Жалал-Абад облусунда -2, Ош шаарында – 3, Нарын облусунда – 2 жана Баткен, Талас, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден театр жайгашкан. 2022-жылы театралдык жамааттар тарабынан 1 736 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн арасында абдан популярдуу болуп Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Академиялык орус драм театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театры саналат.
Республикада кинонун өнүгүүсүнө токтолсок, революцияга чейин Кыргызстанда Пишпек шаарында бир гана кино орнотмосу болгон, ал шаардын борборунда – Эмен паркында курулган. Азыркы учурда республикада фильмдерди көрсөтүү үчүн жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап кинозалдар бар. Республикада 46 кинотеатр иштейт, аларда 2022-жылы 217 миңден көбүрөөк сеанс көрсөтүлгөн жана 2 млн. ашык көрүүчүлөр келген. Кинотеатрлардын эң көп саны Бишкек шаарына (12) жана Чүй облусуна (8) туура келет.
2022-жылы республиканын аймагында 718 клуб тибиндеги маданият мекемелери иштеген, алардын 90 пайыздан көбүрөөгү айыл жерлеринде жайгашкан.
2022-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген. 2022-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 172 концерт берилген. Элдер кыйла көп баруучу концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик улуттук филармониясында өткөрүлөт.
2022-жылы республиканын аймагында 69 музей иштеген, алар тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлери тарабынан көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 332 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.
Мындан тышкары, 2022-жылы кыргызстандыктардын жана республиканын конокторунун бош убактысындагы маданий эс алуусун 49 маданият жана эс алуу парктары камсыз кылды, алардын ичинен 16 парк Бишкек шаарында жайгашкан.