Кыргызстанда 2030-жылга чейин кант өндүрүүнү 200 миң тоннага жеткирүү пландалууда
Кыргызстанда кант өндүрүү 2030-жылга чейин 200 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлиги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын “Кант кластери” атамекендик өндүрүштөгү калкты кант менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Аталган макулдашуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, айдоо аянттарын жана кант өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле, даяр продукцияны сатуу, анын ичинде эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Атап айтканда, министрлик “Кайыңды-Кант Агро” жана “Кошой Агро” үчүн 30 миң гектар айыл чарба жерлерин ижарага берүүгө көмөк көрсөтөт жана бул ишканаларды мамлекеттик программалар боюнча сугат агродолбоорлоруна кошууга өбөлгө түзөт.
Башка келишимдердин катарында 5 млрд сом суммасындагы кант кластерин 10 жылдык мөөнөткө 6%дык чен менен каржылоого, кантты сатуу рыногун камсыздоого, ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөр тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн антидепинг системасын иштеп чыгуу жана киргизүүгө көмөктөшүү каралган.
Өз кезегинде кант кластери бир катар милдеттенмелерди алды. Айтсак, 2030-жылга карата кант өндүрүүнүн көлөмүн 200 миң тоннага чейин жеткирүү, кампаларда азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн жетиштүү запастарды камсыздоо жана өлкөнүн ар бир регионунда продукцияны сатуунун дүң түйүндөрүн ачуу.
Бул меморандум ошондой эле, агрокультураны натыйжалуу өстүрүү маселелери боюнча кант кызылчасын өстүрүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу курстарын туруктуу уюштуруу шарттарын камтыйт.
Айдоо аянттарын жана кант өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Изилдөөлөргө караганда, калктын жыл сайын таттуу азыкка болгон муктаждыгы 120дан 145 миң тоннага чейин кантты түзөт.
Айта кетсек, 2024-жыл бардык жагынан жемиштүү жыл болду. Фермерлердин, мамлекеттик деңгээлдеги ырааттуу ишинин жана колдоосунун аркасында Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын дыйкандары 15 миң гектар кант кызылчасын себишти. Болжолдоолор боюнча жаңы түшүмдүн жалпы көлөмү акыркы 40 жылда биринчи жолу рекорддук 900 миң тоннага жетет, ал эми даяр продукцияны өндүрүүнүн көлөмү 120 миң тоннаны түзөт.
Ошентип, жергиликтүү өндүрүүчүлөр Кыргызстандын тургундарын ата мекендик өндүрүштөгү кант менен толук камсыз кылышат. Эң башкысы максат позицияларды кармап туруу жана узак мөөнөттүү туруктуу натыйжаларга жетишүү гана эмес, экспортко чыгуу үчүн өндүрүш көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.