Кыргызстанда 2030-жылга чейин 49 миңден ашуун ипотекалык батир курулат

 Кыргызстанда 2030-жылга чейин 49 миңден ашуун ипотекалык батир курулат

Кыргызстанда 49 миңден ашуун ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кубаталиев билдирди.

Анын айтымында, батирлердин курулушун 2030-жылга аяктоо пландалууда. Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 17 миң 425 батир;
  • Чүй облусунда – 8 миңден ашык;
  • Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115;
  • Нарын облусунда – 433;
  • Талас облусунда – 319;
  • Ош облусунда – 5 миң 674;
  • Баткен облусунда – 4 миң 272.

Курулуштун жалпы көлөмү 49 миң 56 батирди түзөт.

“2025-жылдын аягына чейин Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу аяктайт”, – деди Кубаталиев.

Ал ошондой эле 2025-жылдын биринчи кварталында Бишкектин Маликов көчөсүндөгү 476 батирдин курулушу (1-этап, 2-фаза) бүтөрүн, ал эми Айтматов көчөсүндө 600гө жакын батирди пайдаланууга берүү пландалып жатканын кошумчалады.

Связанный пост