Кыргызстанда 2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда

 Кыргызстанда 2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүү пландалууда

Социалдык фонд 2025-жылы пенсияны 7%га көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Соцфондун башчысы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.

Анын айтымында, бюджетте пенсияны жыл сайын жогорулатуу каралган. “Жалпы бюджет 1 млрд 2 млн сомду түзөт”, – деди ал.

Алиев кошумчалагандай, жогорулатуу пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө гана тиешелүү.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост