Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон

Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыктары негизинен айдоочунун күнөөсүнүн аркасынан келип чыгууда.
“Эң көп катталган жол кырсыктарынын пайызы айдоочунун күнөөсү менен болгон кырсыктар. Карама-каршы тилкеге чыкканда, ылдамдыкты ашырганда, мас абалда унаа башкарганда кырсык окуялар көп катталууда. Ошондуктан президенттин коюлган тапшырмасы менен 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежеси боюнча сынак алуу каралууда. Азыркы учурда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, 14-апрелде комиссиянын биринчи отурум өттү. Муну коомчулук да туура түшүнүүсү зарыл. Жолдон токтотуп алып эле биздин кызматкерлер сынак ала беришпейт. Кандайдыр бир олуттуу эреже бузуулар катталса, же унааны токтотуп текшергенде эреже бузуулары көп болсо айдоочудан сынак алынат”, – деди Бахрам Сайтходжаев.
Ошондой эле ал айдоочулардан сынак алууда “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иш алып барышаарын кошумчалады.
Бахрам Сайтходжаевдин маалыматы боюнча дүйнөлүк статистикада жакынкы 20 жыл аралыгында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын көбөйүшүнө 60 пайыз кепилдик берилүүдө.
“Бир жылда дүйнө жүзү боюнча жол кырсыгынан эле 1 млн 300 миң адам каза болот. Бул статистикага ылайык, 24 секундада 1 адам каза болот дегенди түшүндүрөт. Ал эми 50-60 миллионго чейин адамдар ар кандай жаракаттарды алышат”, – деди ал.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат. Эгер кимде-ким жол эрежелерин билбесе, жол эрежесин бузуулары көп болсо айдоочудан сынак алынмакчы. Сынактан өтпөгөндөрдүн айдоочулук күбөлүгү аланып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Бирок, айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн дароо ажыратылбайт.
Булак “Кабар” агенттиги