Кыргызстанда 2024-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 395,6 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда 2024-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 395,6 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 395,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өткөн жылдын январь-декабрына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин экспресс маалыматында айтылат.

Анда белгиленгендей, айыл чарбасынын дүн продукциясынын көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 6,3%ды түздү. Бул өсүш өсүмдүк өстүрүү продукциясынын 10,3%га жана мал чарба продукциясынын 3,1%га көбөйүшү менен камсыздалды.

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүдөгү жогорку көрсөткүчтөр айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана айдоолордун аянттарынын көбөйүшү менен шартталган. Бул жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттарда өбөлгө түздү.

Связанный пост