Кыргызстанда 2023-жыл ичинде коомдук транспорттордун катышуусунда 276 жол кырсыгы катталды

 Кыргызстанда 2023-жыл ичинде коомдук транспорттордун катышуусунда 276 жол кырсыгы катталды

2023-жыл ичинде коомдук транспорттордун катышуусунда 276 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 623 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 24 жаран көз жумган.

Ал эми быйыл төрт ай ичинде маршруттук унаалардын катышуусунда 111 жол кырсыгы катталып, 185 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 5 жаран көз жумган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу маршруттук унаалардын катышуусунда катталган жол кырсыгы бир топ жогору.

Мына ушуну эске алып, өлкө аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү өлкө аймагында маршруттук унааларга карата “Коомдук транспорт” аталышында рейд өткөрүп, үч күн ичинде 582 протокол толтурушуп, жалпы 1млн. 262 миң 500 сомго айып салышты.

Алардын ичинен

-техникалык бузуктары аныкталган 20 айдоочу;

-каттамга чыгаарда техникалык кароодон өтпөгөн 73 айдоочу;

-Техникалык бузуулары менен каттамга чыгарган 7 фирманын механиги;

-ицензиясы жок каттамга чыккан 56 айдоочу;

-туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып, түшүргөн 260 айдоочу;

-кошумча жабдууларды мыйзамсыз орнотуп алган 28 айдоочу;

-эл аралык каттамдарга чыгуу учурунда жүргүнчүлөрдү ашыкча алган 15 айдоочу;

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөр менен катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Связанный пост