Кыргызстанда 2 млн тоннага чукул дан жыйналды

 Кыргызстанда 2 млн тоннага чукул дан жыйналды

17-ноябрга карата республиканын аймагында дан эгиндеринин 679 миң гектар аянтынын ичинен 673,5 миң гектары, же 99,2 пайызы жыйналды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу (658,1 миң га) жогору.

Алсак, республика боюнча дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 29,6 центнерди түзүп, жалпысынан 1 млн 994,6 миң тонна дан алынган.

Жашылча боюнча: 56,6 миң гектардан 53,5 миң гектар же 98,6 пайыз жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 188,1 ц/га түздү. Жалпы 1 млн 6,8 миң тонна жашылча өндүрүлгөн.

Картошка боюнча: 64,5 миң гектардын 63,3 миң гектары (98,3 пайыз) жыйналып, жалпы 1 млн 176 миң тонна өндүрүлдү. Орточо түшүмдүүлүк 176,5 ц/га болуп, өткөн жылдагы 172,5 ц/га көрсөткүчтөн жогору.

Бахча өсүмдүктөрү боюнча: Пландаштырылган 11,8 миң гектар толук жыйналып, факты түрүндө 12,2 миң гектар аткарылып, план 103,8 пайызга ашыкча аткарылды. Жалпы 274 миң тонна продукция алынып, бул өткөн жылга караганда 37 миң тоннага көп. Башкы өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.

Техникалык өсүмдүктөр боюнча: 32,3 миң гектар аянттан жыйноо иштери уланууда. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 96,9 пайыз (12,2 миң га) аткарылды. Тамеки толугу менен жыйналып бүттү. Пахта жыйналып, жалпы көлөмү 19 миң тоннаны түздү. Кант кызылчасы 85,9пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынды.

Ошондой эле жүгөрү жана кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери жыйынтыктоо баскычында.

Связанный пост