Кыргызстанда 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилер ишке берилди
Бүгүн министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин салтанаттуу ачылышы онлайн режиминде өттү. Бул объекттер 2024-жылга карата жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү программасынын акыркы объекттери болгон.
“Урматтуу кыргызстандыктар, өлкөбүздө жүздөгөн заводдор, фабрикалар ишке кирип жатат. Бүгүн биз расмий түрдө 2024-жылга пландаштырылган 17 объект жана жалпысынан 102 өнөр жай ишканалары ачылганын жарыялайбы. Анын ичинен 85и жыл ичинде ишке киргизилген. Мен 17 жаңы ишкананын ачылышына старт берип жатам”, – деди минкаб башчысы Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, ишке киргизилген ишканалар экономиканын түрдүү тармактарын, анын ичинде өндүрүш, курулуш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармактарын камтыйт. Бул объектилердин ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө гана шарт түзбөстөн, ички рынокто өндүрүш көлөмүн да бир топ жогорулатат.