Кыргызстанда 17 инвестдолбоор кытай стандарттарына ылайык ишке ашууда

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Нурдан Орунтаев Кытай менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

“Кытай – курулуш тармагындагы локомотив жана биздин негизги өнөктөшүбүз”, – деди ал.

Ошондой эле Кытайдын Кыргызстандын курулуш тармагына болгон колдоосун белгилеп, тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандын курулуш тармагынын келечеги кең экенин жана соңку жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтты.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын башынан тартып эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. Алардын катарында темир жол куруу, кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, энергия өндүрүү жаатындагы бир катар долбоорлор бар.

Связанный пост