Кыргызстанда 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөтү отургузулат

 Кыргызстанда 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөтү отургузулат

Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоого багытталган “Евразиянын жашыл алкагы” улуттук экологиялык долбоорунун күнөскана комплексинде алдыдагы 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Тлеужан Каримов жеринде журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, долбоордун биринчи этабында бак-дарактардын сорттору изилденип, кийинки этаптарда күнөскананы кеңейтүү менен бир жылда 100 млн, кийин жылына 600 млн түп дарак көчөттөрүн өстүрүп, Кыргызстандын тоолоруна тигүү пландалууда.

“Кыргызстан Борбордук Азиянын “жүрөгү” катары аймакты дээрлик суу менен камсыздап келет. Бирок, акыркы учурдагы экологиянын өзгөрүүсүнө байланыштуу мөңгүлөр тездик менен ээрип жатканы маалым. Бул абалды жөнгө салуу, мөңгүлөрдү сактап калуу максатында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Евразиянын жашыл алкагы” долбоору ишке ашууда. Мында дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүнөн алынган мыкты делген бактын көчөттөрүн өстүрүп, Кыргызстандын тоолоруна тигебиз. Күнөсканада бак өстүрүү боюнча түрдүү тажрыйбалар жүргүзүлүп, көчөттөрдүн жергиликтүү аба ырайына, топуракка ыңгайлашуусу дүйнөнүн алдыңкы агрономдорунун бири Олександр Джига тарабынан изилденүүдө. Биздин милдет Кыргызстандын тоолорунда токойдун аянтын 15 жылда 30-35 пайызга чейин кеңейтүү. Анткени, бул көрсөткүч учурда 5 гана пайызды түзөт. Бул жерде бардык жарандардын колдоосу керек. Чындыгында бул улуттук долбоор катары өлкөнүн гана эмес, бардык Евразия аймагынын экологиялык коопсуздугун сактоого жана Борбордук Азияны суу менен камсыздоого багытталган”,- деди долбоордун жетекчиси.

Учурда 5 млн түптөн бактын көчөттөрүн өстүрүүгө ылайыкталган күнөсканада бийик тоолуу Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырылган бак-дарактарды өстүрүүнүн технологиясы изилденүүдө. Тармак боюнча дүйнөдөгү мыкты 10 адистин катарына кирген агроном, биолог Олександр Джиганын жетектөөсү менен бактын уруктары өндүрүлүп, андан кийин күнөсканаларда жаңы технологиялар менен көчөттөр өстүрүлүп жатканына күбө болдук. Агрономдун айтымында, учурда Канада, Америка, Дания, Беларус, Швеция жана башка өлкөлөрдөн алынган жогорку сорттогу европа, корей карагайларынын жана башка дарактардын көчөттөрү өстүрүлүүдө.

“Бир учурда 5 млн урукту автоматтык түрдө себебиз. Алгач уруктар микро жана макроэлементтер менен камсыздалып, андан кийин атайын топуракка себилет. Мында зарыл болгон абанын температурасы жана нымдуулук сакталып 3 күндөн 5 күнгө чейин коюлат. Урук 10-15 күндө өнүп, күнөсканага жайгаштырылат. Бул уруктардын өсүп кетүүсү 98 пайызды түзөт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 50 пайызды гана түзөт”, – деди күнөскананын башкы агроному.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2024-жылдын август айынан баштап ишке ашырылып жаткан “Евразиянын жашыл алкагы” долбоору президенттин Иш башкармалыгынын жетектөөсү менен иш жүргүзүүдө. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары маалымдагандай, бул күнөскана комплексинде дарактардын көчөттөрү тиешелүү убакытка чейин өстүрүлүп, андан кийин мөңгүлөрдүн ээришин сактоо, топурактын эрозиясын алдын алуу максатында өлкөнүн стратегиялык маанилүү аймактарына, тоолорго отургузулат.

“Быйыл биринчи жылы 2,5 млн түп бактын көчөтү өстүрүлөт. Кийинки жылы 100 млн, андан ары 600 млн болуп 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөттөрүн өстүрүп, тигүүгө жетишебиз. Адистердин айтымында, мөңгүлөрдүн ээришин кандайдыр бир деңгээлде токтотуунун бир жолу бул бак тигүү. Ошондуктан эң аз дегенде жерибиздин 35 пайызын токойго айлантуубуз керек. Бул экологиялык гана эмес, экономикалык да долбоор. Мында өстүрүлүп тигилген ар бир даракка чиптер орнотулуп, анда бардык маалыматтар камтылмакчы. Изилдөөнүн натыйжасында өлкө аймактарынын климаттык өзгөчөлүктөрүнө жараша бактар отургузулат. Мисалы, түштүк тарапка мисте, бадам, түндүккө кедр бактарын өстүрүү каралууда. Президентибиздин тапшырмасы боюнча биринчи бактарды Асман шаарынын үстүндөгү тоонун 20 миң гектар аянтына тигүү пландалууда. Андан кийин курула турган “Үч чоку” лыжа базасынын 5 миң гектар жер аянтына да бак тигилет”, – деди президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Раимбеков.

Узак мөөнөттүү экологиялык коопсуздукту, Кыргызстандын гана эмес Борбордук Азиянын келечегине кам көрүүнү көздөгөн бул долбоордун бүгүнкү күндө мааниси чоң.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда билдиргендей, акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайып, 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетүү коркунучунда турат.

БУУнун изилдөөсүндө да Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы аныкталды. Ошондуктан президент акыркы жылдары БУУнун трибунасында жана башка эл аралык аянттарда сүйлөгөн сөзүндө мөңгүлөрдү жана тоо экосистемасын сактоого басым жасап, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келет. Анткени, жаратылышты сактоо учурда жөн гана тандоо эмес, бул Кыргызстандын жана бүткүл аймактын бүтүндөй келечеги үчүн зарылчылык. Мамлекет башчысынын демилгеси менен тигилген бактын ар бир көчөтү жаратылышты, мөңгүлөрдү сактоого багытталган чоң кадам.

Связанный пост