Кыргызстанда 1,5 млн жаран салык төлөөчүнүн кабинетин колдонууда
Мамлекеттик салык кызматы 16-декабрга карата “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервисине 1 млн 521,6 миң салык төлөөчү кошулганын билдирет. Алардын ичинен 98 507 юридикалык жак, 1 млн 423 152 жеке жак.
Ушул жылдын башына салыштырмалуу колдонуучулардын саны 180 405ке өскөн.
“Салык төлөөчүнүн кабинетинин” мобилдик версиясы — Salyk.kg мобилдик тиркемесин учурда 77,6 миң салык төлөөчү колдонууда.
Функционалды кеңейтүүнүн натыйжасында Салык төлөөчүнүн кабинети жана анын мобилдик версиясы аралыктан өз ара иш алып баруунун универсалдуу куралына айланып, салык органдарына барбастан отчёт тапшырууга, салыктарды онлайн төлөөгө, маалымкаттарды, салыштыруу актыларын жана башка кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Жыл ичинде “Cалык төлөөчүнүн кабинетинде” 15 жаңы онлайн кызматтар жана жакшыртуулар ишке киргизилди:
– “Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы” онлайн-сервиси ишке киргизилип, «Өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы» модулу жаңыртылды;
– киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчётту толтуруучу жардамчы (STI-161) жаңыртылды;
– сатуудан алынуучу салык боюнча отчётту автоматтык түрдө түзүү ишке киргизилди;
– кыйыр салыктар боюнча отчётту толтуруучу жардамчы (FORM STI-123_5) киргизилди;
– кыйыр салыктар боюнча отчёттун формасы (FORM STI-123_6) жаңыртылды;
– салык төлөөчүнүн статусун тастыктаган маалымкаттарды алуу сервиси иштелип чыкты (STI-024 жана STI-025 формалары);
– резиденттик маалымкатты автоматтык түрдө берүү киргизилди;
– бирдиктүү салыктын негизинде иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн салыктык отчётторду автоматтык түзүү сервиси ишке киргизилди;
– мүлк салыгын автоматтык эсептөө киргизилди;
– электрондук отчеттор журналындагы отчеттун маалыматтарынын негизинде төлөмгө карата сумманы автоматтык түрдө түзүү ишке ашырылды;
– “ЕАЭБ” модулунда билдирүүлөрдү онлайн берүү жеткиликтүү болду;
– жеке ишкерлер үчүн онлайн кайра каттоо сервиси киргизилди;
– салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана салыктык эмес төлөмдөрдүн ашыкча же жаңылыш төлөнгөн суммаларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндө арыздарды кабыл алуу үчүн “Эсепке алуу, кайтаруу” модулу ишке киргизилди;
– каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен интеграциялоо аркылуу жеке жактарды онлайн-каттоо киргизилди;
– 1-июлдан баштап бардык салыктар жана төгүмдөр акча каражаттарын которууда каталарды жана кол менен кийлигишүүнү жокко чыгарган QR-коду же төлөм коду боюнча гана төлөнөт;
Башка салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы долбоорлор
Ошондой эле кызмат тарабынан салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында төмөнкү долбоорлор киргизилген:
– кассалык чектер боюнча маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүүнү камсыз кылган фискалдык программалык камсыздоону киргизүү башталды;
– жарандарды салыктык карыздын бар экендигин кабарлоочу СМС-билдирүүлөр системасы ишке киргизилди;
– тейлөөнүн сапатын онлайн баалоого мүмкүндүк берген «Пикирлер» кайтарым байланыш системасы киргизилди;
– «Дордой» базарында «Базар» электрондук системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлдү.