Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык бала мектепте окуйт

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык бала мектепте окуйт. Бул тууралуу агартуу министринин орун орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 2394 мектеп бар.
“Орто мектептерде окуучуларга 93 миңден ашык мугалим сабак берет”, – деди ал.
Белгилей кетсек, саналуу күндөрдөн кийин өлкөдө жаңы окуу жылы башталат.
Булак “Кабар” агенттиги