Кыргызстанда 14,6 миң жеке ассистентке 131 млн сомдон ашык эмгек акы төлөндү

2025-жылдын 1-февралына карата өлкөдө 14 677 жеке ассистентке республикалык бюджеттен 131 318 776 сом төлөндү. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул сумманын 16 715 260 сому камсыздандыруу полистерин жабууга жумшалган. Алардын кызматынан 14 987 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар пайдаланат, алардын 9 456сы балдар жана 5 531и бала кезинен I топтогу майыптар (18 жаштан жогору) болуп саналат.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-февралына карата 14 443 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде 9 437 балдарга жана 5 006 чоңдорго кызмат көрсөткөн 14 144 персоналдык жардамчыларга 104 323 454,21 сом төлөнгөн.