Кыргызстанда 10,6 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

 Кыргызстанда 10,6 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 14-ноябрга карата 10 миң 609 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыялоонун жалпы көлөмү 4 млрд 214 млн 630 миң сомду түздү.

 

Ошентип, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 468 млн 140 миң сомго 1 413 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

 

“Айыл Банк” ААК – 227 млн 410 миң сомго 700 насыя;

“Элдик Банк” ААК – 240 млн 730 миң сомго 713 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 746 млн 489 миң сомго 9 196 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

 

“Айыл Банк” ААК – 1 млрд 802 млн 899 миң сомго 4 487 насыя;

“Элдик Банк” ААК – 1 млрд 943 млн 590 миң сомго 4 709 насыя.

Связанный пост