Кыргызстанда 100 миң адамдын ИЖН-номеринде көйгөй бар
Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында КР жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.
Мыйзам долбоору боюнча маалыматты санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды жоюу жана Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жеке идентификациялык номерлерди (ИЖН) берүү процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
“ИЖН-номерди ыйгаруу “Жарандык абалдын актыларын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда ишке ашырылат. Бирдиктүү борборлоштурулган маалымат базасы бар бул тутумдун киргизилгенине жана каттоодогу максималдуу көзөмөл функцияларына карабастан, ИЖН берүүдө техникалык каталар кетүүдө. Ушуга байланыштуу түзөтүүлөр киргизилип жатат”, – деди баяндамачы.
Депутат Дастан Бекешев канча адамда кош жана үч катар ИЖН-номерлери бар экенине кызыкты.
Кубанов билдиргендей, жалпысынан 300 миңге жакын адамда ушундай кыйынчылыктар болгон, бирок анын ичинен 200 миң жарандын көйгөйү чечилген. Бүгүнкү күндө 100 миңге жакын адамда дагы деле көйгөйлөр бар.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.