Кыргызстанда 1 жума ичинде мас абалда унаа башкарган 200дөн ашуун айдоочу кармалды

 Кыргызстанда 1 жума ичинде мас абалда унаа башкарган 200дөн ашуун айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 1нен 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

  • тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 196;
  • мас абалында унаа башкаруу – 208;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 32;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар – 754;
  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 2 080;
  • автоээнбаштык – 7;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо – 3 442;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 4;
  • башка эреже бузуулар – 9 472.

Жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост