Кыргызстанда 1-октябрдан тарта көмүрдүн баасына убактылуу чектөө киргизилет

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 90 календардык күнгө көмүргө максималдуу бааларды белгилөө менен мамлекеттик баага жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык мааниге ээ болгон товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, көмүргө максималдуу бааларды белгилөө жолу менен мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүү чараларын көрөт.
Көмүргө бааларды убактылуу жөнгө салуу жылытуу сезонуна ылайык сунушталууда жана бул чара катуу меш отуну рыногундагы абалга жараша узартылышы мүмкүн.
Маалыматка ылайык, бул буйруктун кабыл алынышы баалардын абалын көзөмөлдөөгө, жылытуу сезону учурунда отундун наркынын негизсиз жогорулашын алдын алууга, калктын көмүргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана аймактардагы отун рыногундагы абалды турукташтырууга мүмкүндүк берет.
Бул чара көмүргө болгон баалардын өсүшүнө жол бербөө, калк үчүн баанын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамына, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы «Социалдык мааниге ээ болгон товарларга мамлекеттик баа жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна жана Экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык кабыл алынды.