Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 513 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (31,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (20,1 пайызга), фармацевтикалык продукциянын (12,3 пайызга), текстиль жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (9,9 пайызга), ошондой эле өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,8 пайызга көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 32,6 пайызды, дүң жана чекене соодада – 18,5 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында – 6,2 пайызды түздү.

Связанный пост