Кыргызстан Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ядролук куралды толук жок кылуунун Эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

ТИМден билдиришкендей, жыйын 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында өттү.

Өзүнүн кайрылуусунда министр Жээнбек Кулубаев ядролук куралдан арылуу жана аны жайылтпоого байланышкан маселелер Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Министр Кыргызстан ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол койгон мамлекеттердин катарына кошулганын жана бул кадам өлкөнүн эл аралык коопсуздукту жана жайылтпоону бекемдөө боюнча курсунун мыйзам ченемдүү уландысы экенин билдирди.

Ошондой эле министр Борбор Азиянын глобалдык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымына өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан депозитарий болуп саналган Борбор Азиядагы Ядролук куралдан эркин аймак тууралуу келишимди баса белгиледи.

Кыргызстан ошондой эле 5-мартта жыл сайын белгиленүүчү Куралсыздануу жана жайылтпоого байланышкан агартуу боюнча Эл аралык күндү негиздөө демилгесин эске салып, анын БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бир добуштан колдоого алынганын белгиледи.

Пленардык жыйындан кийин Кыргызстандын Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюу аземи өттү. Бул документке кол коюу өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга берилген ишенимдүү өнөктөш катары эл аралык аброюн чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Связанный пост