Кыргызстан ТМУга төрагалык кылган жылы 124төн ашык иш-чара өттү

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылган жылы 124төн ашык иш-чара өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-саммитинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бир жыл Кыргызстан үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгил болду.
“Бир жыл ичинде биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы максаттарды алга жылдырууга олуттуу салым кошууга умтулдук. Жалпысынан, биздин төрагалык жылында 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү”, – деди өлкө башчысы.