Кыргызстан ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы электрондук кол тамганы таанууну сунуштады

 Кыргызстан ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы электрондук кол тамганы таанууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосунда электрондук санариптик кол тамгаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюуну сунуштады.

Бул тууралуу ал 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында өтүп жаткан ТМУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы бул демилгени ишке ашыруу бардык мүчө-өлкөлөрдө санариптик документтерди укуктук таанууну камсыздай турганын жана түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү санариптик мейкиндигин өнүктүрүүгө маанилүү кадам болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргызстан экономика, соода, инвестиция жана каржы тармагындагы кызматташуу боюнча Жол картасын даярдаганын билдирди. Анын айтымында, бул документ уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды андан ары тереңдетүүгө түрткү болот.

Связанный пост