Кыргызстан синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүүнү күчөтөт

 Кыргызстан синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүүнү күчөтөт

Кыргызстан жаңы аймактык системанын жардамы менен синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүүнү күчөтөт.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, Алматы шаарында Борбор Азияда синтетикалык баңгизаттарга жана жаңы психоактивдүү заттарга карата эрте эскертүү берүүчү аймактык системаларды иштеп чыгуу жана пилоттук фазасын киргизүү боюнча аймактык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жана компетенттүү кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана АКШнын Юстиция министрлигинин эл аралык эксперттери катышты.

Конференциянын жыйынтыгында жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү берүүчү пилоттук системаны киргизүү боюнча 2025-2027-жылдарга “Жол картасынын” сунуштамалары жана иш-аракеттеринин деталдуу планы жактырылды.

Бул системаны түзүү коомдук саламаттык сактоого жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана баңгизат кырдаалындагы терс өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарууга, бул өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Связанный пост