Кыргызстан сүт, эт жана жашылчага болгон муктаждыгын жабат

 Кыргызстан сүт, эт жана жашылчага болгон муктаждыгын жабат

Кыргызстандын агроазык-түлүк рыногундагы абал туруктуу, азык-түлүк тартыштыгынын коркунучу жок. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү 117 млрд 636 млн сомду түзүп, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 20 млн сомго көп. Өсүү темпи 103,8 пайызды түздү.

Кайра иштетүү тармагындагы өсүш

Кайра иштетүүчү ишканалар да олуттуу өсүш көрсөттү. Үстүбүздөгү жылдын алты айында кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмү 48 млрд 401 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9 млрд 186 млн сомго көп. Физикалык көлөмдүн индекси 144,0 пайызга жетип, бул өндүрүштүн да, кубаттуулуктун да өсүп жатканын айгинелейт.

“Бүгүнкү күндө республиканын калкы сүт, эт, картошка, жашылча-жемиштер, кант жана жумуртка сыяктуу негизги азык-түлүктүн түрлөрү менен толук камсыздалган. Эң негизгиси – ички рынокто олуттуу кырдаал же үзгүлтүккө учуроо катталган жок. Абал туруктуу бойдон калууда”, – деп баса белгиледи министр.

Азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Мээрим Есенкулова “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстан бир катар багыттар боюнча азык-түлүк көз карандысыздыгынын жогорку деңгээлин көрсөтүүдө. Анын маалыматы боюнча:

  • Сүт, жашылча, бакча өсүмдүктөрү жана картошка боюнча Кыргызстан өзүн гана камсыз кылбастан, ички керектөөлөрдүн 180 пайызга чейинин экспорттой алат.
  • Эт, кант жана жумуртка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 100 пайызды түзөт.
  • Ошол эле учурда нан азыктары, мөмө-жемиштер жана өсүмдүк майы менен камсыздоо деңгээл 50 пайыздын тегерегинде төмөн бойдон калууда, калган көлөм импорттун эсебинен жабылат.

Ошентип, азык-түлүк коопсуздугунун артыкчылыктуу категорияларынын көбүндө республика ишенимдүү камсыздоо зонасында турат, ал эми айрым багыттар боюнча экспорттук потенциалга ээ.

2025-жылдагы жазгы айдап-себүү: көлөм планга жакын

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча жазгы айдоо иштери 98,4 пайызга аткарылган, бул 686,6 миң га айдоо аянтын түзөт.

Негизги өсүмдүктөр боюнча:

  • Дан эгиндери (жаздык) – 339,5 миң га (пландын 98,6%), 2024-жылга 0,8 миң гектарга өсүш
  • Анын ичинде буудай – 101,1 миң га (98,3%), 1,3 миң га көбөйгөн
  • Арпа – 238,4 миң га (98,8%), 0,5 миң гектарга азайган
  • Жүгөрү – 111,6 миң га (пландын 103,3%), 1,6 миң гектарга өсүү. Быйылкы жылдын эң жакшы жыйынтыктарынын бири
  • Картошка – 64,6 миң га (97,3%), 1,8 миң га азайган
  • Жашылча – 56,6 миң га (103,1%), 1,8 миң гектарга өсүш
  • Бакча өсүмдүктөрү-11,74 миң га (92,4%), 0,5 миң гектарга көбөйүү
  • Буурчак өсүмдүктөрү (басымдуу Талас облусу) – 55,8 миң га (103,6%), 2,5 миң гектарга көбөйүү
  • Кант кызылчасы-13,41 миң га (89,4%), 0,07 миң га азайган
  • Пахта-бардыгы 6,4 миң га (пландын 51,8%), 6,5 миң га 2024-жылга салыштырмалуу төмөндөө.

Аймактар боюнча эң жогорку активдүүлүк төмөнкүдөй белгиленген:

  • Дан эгиндерин себүүдөгү облустардагы көрсөткүчтөр – Баткен (103,9%), Ош (104,1%) жана Нарын (100,2%)
  • Жүгөрү себүүдөгү облустук көрсөткүчтөр – Чүй (109,3%) жана Ош (105,8%)
  • Буурчак өсүмдүктөрү-Талас облусу (103,9%)
  • Пахта себүүдө төмөндөө аныкталды: Ош жана Жалал-Абад облустарында 50% – 48,7% га жана 56% га аткарылган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 жана 2,7 миң га төмөндөөнү билдирет.

2025-жылдагы түшүм жыйноо кампаниясынын жүрүшү

4-августка карата республика боюнча 327,0 миң га дан эгиндери жыйналды, бул жалпы себүүнүн 48,2 пайызын (678,4 миң га) түзөт. Бул 2024-жылдын ушул эле учуруна караганда 37,2 миң гектарга көп.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • Буудай: 247,6 миң гектардын 184,0 миң гектары (74,3%) жыйналды; дүң жыйым – 387,1 миң тоннаны түздү
  • Арпа: 249,3 миң гектардын 143,0 миң гектары (57,4%) жыйналды; дүң жыйым – 231,0 миң тоннаны түздү
  • Жүгөрү: Ош облусунда түшүм жыйноо башталып, 52 гектардан 279 тонна түшүм алынды. Жалпысынан 111,6 миң га жерди жыйноо пландалууда
  • Картошка: 11,9 миң гектардан 188,9 миң тонна жыйналды, түшүмдүүлүгү — гектарына 158,7 центнерди түздү
  • Жашылча: 21,6 миң гектардан 549,2 миң тонна жыйналды
  • Бакча өсүмдүктөрү: 8,86 миң гектардан 195,3 миң тонна жыйналды

Түшүм жыйноо өнөктүгүнө 902 комбайн тартылып, иштин өз убагында аткарылышын камсыздоодо.

Кыргызстандын айыл чарбасы 2025-жылы туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө. Республика өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, жазгы жана күзгү талаа иштерин ийгиликтүү ишке ашырып, кайра иштетүү потенциалын өстүрүүдө.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост