Кыргызстан негизги азык-түлүк продукциялары менен өзүн-өзү камсыздоодо

Кыргызстан тогуз социалдык мааниге ээ азык-түлүк продукциялары боюнча өзүн-өзү толук камсыздап келет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар сүт, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, картошка, эт, шекер жана жумуртка.
Айыл чарба министрлиги 29-июлга карата Бишкек шаарындагы Ош базарында сезондук азык-түлүк товарларына мониторинг жүргүздү.
- сабиз – 45 сом;
- картошка – 50 сом;
- калемпир – 80 сом;
- помидор – 35 сом;
- шабдалы – 120 сом;
- алма – 100 сом;
- алча – 380 сом.
Жакынкы күндөрү өлкө аймагында 2025-жылдагы айыл чарба продукцияларынын түшүмүн жыйноо иштери башталат. Ошондуктан, негизги азык-түлүк товарларына болгон баалар күзгө чейин туруктуу бойдон калышы күтүлүүдө.
Өндүрүш жана камсыздоо көрсөткүчтөрү (2024–2025)
Дан өсүмдүктөрү боюнча:
2024-жылы валдык жыйым 664,8 миң тоннага жетти. Бул айдоо аянттарынын азайышына карабастан түшүмдүүлүктүн кескин жогорулашынын эсебинен мүмкүн болду.
Жашылча жана коон-дарбыз өсүмдүктөрү боюнча:
Жыйым — 1 227,5 миң тонна жашылча жана 280,9 миң тонна коон-дарбыз.
Камсыздоо деңгээли — 173,9 %.
Мөмө-жемиштер боюнча:
Жыйым — 346,2 миң тонна. Камсыздоо деңгээли — 36,1 %. Калган бөлүгү ар кайсы өлкөлөрдөн импорттолот. Өзгөчө цитрус жана экзотикалык жемиштер негизинен төмөнкү мамлекеттерден ташылат: Кытай, Өзбекстан, Эквадор, Түркия, Иран, Пакистан, Бразилия.
Эт жана эт азыктары боюнча:
2024-жылы өндүрүлгөн көлөм — 257,4 миң тонна, керектөө — 309,4 миң тонна,
камсыздоо деңгээли — 86,2 %. 2025-жылдын 5 айында өлкө 94,5 миң тонна эт өндүрүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 миң тоннага көп.
6 айдын жыйынтыгы боюнча калкты камсыздоо деңгээли — 79,7 %. Кыргызстан ички өндүрүштү күчөтүү менен катар эт рыногунда сырткы экономикалык байланыштарга да активдүү катышууда.
Сүт боюнча:
2024-жылдагы өндүрүм — 1 823,8 миң тонна, камсыздоо деңгээли — 114,9 %.
Өлкө 350–400 миң тонна сүттү экспорттоого жөндөмдүү. Азыркы учурда Кыргызстан сүт тармагында өзүн-өзү толук камсыздап, экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ.
Жумуртка боюнча:
6 ай ичинде өндүрүлгөн — 393,7 млн даана, камсыздоо деңгээли — 71,3 %.
Өсүмдүк майы боюнча:
2025-жылдын алты айында республикада 12,1 миң тонна өсүмдүк майы өндүрүлүп, камсыздоо деңгээли — 79,9 % түзгөн.