Кыргызстан менен Япониянын ТИМ башчылары жолукту

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде “Борбор Азия + Япония” диалогу алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-2027-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду.

Ошондой эле Кыргызстанга Япониянын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында 500 млн йен өлчөмүндөгү мобилдик медициналык контейнерлери көрсөтүлдү.

Связанный пост