Кыргызстан менен Япония спорттук кызматташтыкты чыңдоодо

 Кыргызстан менен Япония спорттук кызматташтыкты чыңдоодо

Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Япониядан келген делегацияны кабыл алды.

Агенттиктен билдиришкендей, делегацияны Майдзуру шаарынын мэри Акицу Камота жетектеп келди.

Ошондой эле жолугушууга Кыргызстан – Япония Парламенттик достук тобунун мурдагы депутаты Сачико Хориба жана Майдзуру менен Яидзу шаарларынын өкүлдөрү катышты.

Айбек Абдымомунов Кыргызстан менен Япония спорт тармагында активдүү кызматташып келе жатканын, кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Майдзуру шаарынын мэри Акицу Камота шаар спорттук күрөштүн борборлорунун бири экенин белгилеп, жаш балбандардын тажрыйба алмашуусуна багытталган кызматташууну чыңдоого даяр экенин билдирди.

Айбек Абдымомунов япон делегациясынын демилгелерин колдоорун билдирип, дзюдо багытында жүргүзүлүп жаткан спорттук алмашуулар тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын мындан ары да уюштурууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Акицу Камота Майдзуру шаары Япониянын Спорт министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Спорт агенттигинин жаштардын спорттук алмашуусуна байланыштуу сунуштарын карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Абдымомунов жана Акицу Камота КР Спорт агенттиги менен Майдзуру шаарынын мэриясы ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул документ спорттук күрөш жана дзюдо багытындагы жаш спортчулардын тажрыйба алмашуусун көздөйт.

Связанный пост