Кыргызстан менен Япония инвестиция жана туризм тармагында байланышты кеңейтет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясына дайындалышына байланыштуу жолукту.
Эдил Байсалов Хирано Рюитини кызматка киришүүсү менен куттуктап, кыргыз-япон мамилелеринин туруктуу өнүгүүсүн белгилеп, “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммити ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.
Жолугушууда активдүү саясий диалогдун маанилүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндөгү, анын ичинде JICA долбоорлорун ишке ашыруудагы Япониянын ролу белгиленди.
Тараптар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, анын ичинде инвестиция, салык, маданий-гуманитардык жана туризм тармагындагы байланыштарды талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча өз ара милдеттенмелер айтылды.