Кыргызстан менен Венгрия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет
Будапешттеги бизнес-форумда Кыргызстан менен Венгриянын ишкердик кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, форум 21-ноябрда өтүп, ага Кыргызстандан министр Бакыт Сыдыков баштаган кыргыз делегация, Венгрия өкмөтүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Министр Бакыт Сыдыков кыргыз-венгер мамилелери жогорку деңгээлде экендигин айтып, өлкөлөр ортосунда ишенимдин, өз ара сый-урматтын жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуунун бекем пайдубалы түзүлгөнүн баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, жаңы биргелешкен демилгелерди баштоого жана ишкердик өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Бул Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода, инвестиция жана экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.