Кыргызстан менен Венгрия Евробиримдиктин алкагында кызматташууну күчөтүүгө даяр

 Кыргызстан менен Венгрия Евробиримдиктин алкагында кызматташууну күчөтүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын тышкы иштер жана экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолукту.

Тараптардын жолугушуусу Амангелдиевдин өлкөгө болгон жумуш сапарынын алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Европа биримдигинин алкагында кызматташууну, анын ичинде санкцияларды талкуулашты.

Данияр Амангелдиев Кыргызстандын ырааттуу экономикалык өнүгүүсүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер менен санкция маселелери боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүн, атап айтканда, саясий диалогдун бекемделишин, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү канааттануу менен белгилешти.

Связанный пост