Кыргызстан менен Венгрия экономикалык кызматташтыгын бекемдөөдө
Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнүн кеңири маселелерин талкуулашты. Айрыкча, Венгрия өкмөтүнүн Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталына кошумча каражат бөлүү тууралуу чечими өзгөчө белгиленди.
Министр Бакыт Сыдыков бул чечимди эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалады.
Ошондой эле тараптар Кыргыз-венгр өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, аны эки тараптуу кызматташуунун маанилүү механизми катары белгилешти.
Жолугушуунун алкагында агрардык тармактагы кызматташууну кеңейтүү маселеси да талкууланып, бул багыттагы активдүү аракеттер, анын ичинде эки өлкөнүн агрардык университеттеринин ортосунда өнөктөштүктү өнүктүрүү оң бааланды.
Венгрия тарап илимий изилдөөлөр, суу ресурстарын башкаруу жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.
Соңунда тараптар кызматташуунун жаңы багыттарын издөөгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана экономика тармактарында келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга болгон өз ара кызыгуусун билдиришти.