Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери “CASA-1000” регионалдык долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын баштап беришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте “CASA-1000” долбоорунун алкагында видеоконференция байланыш режиминде 500 кВ “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүү аземине катышты.

Салтанаттын алдында Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика министрлери 500 кВ “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Андан ары мамлекет башчылары демонстрациялык рычагдын жардамы менен 500 кВ “Датка-Сугд” аба чубалгысын ишке киргизүүнү биргелешип баштап беришти.

Лидерлер бул долбоордун өзгөчө мааниси бар экенин белгилешти, анткени ал эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирет, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуш иштери аяктады. Жашыл электр энергиясы Кыргызстан менен Тажикстандын жай мезгилинде Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.

Ошондо, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында жаңы энергетикалык объектилер курулган: Кыргызстандын Датка көмөкчордонунан Тажикстандын 500 кВ Сугд көмөкчордонуна чейин узундугу 480 кмге жакын 500 кВ электр берүү линиясынын курулушу аяктады.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөкчордонунда кошумча 500 кВ уяча курулду. Аталган көмөкчордонунан электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин өтөт.

CASA-1000 долбоору Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы баракты ачууда, ал ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, калктын бакубаттуулугун жакшыртууга жана региондо туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Связанный пост