Кыргызстан менен Тажикстан кыргыз-тажик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктады

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

 

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Связанный пост