Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды
Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн “Сапат” билим берүү мекемелеринин иши тууралуу да айтылды.
Төраганын орун басары аталган жаңылануу билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп: “5 жылдан бери Кыргызстанда иш жүргүзүп келе жаткан “Маариф” эл аралык фонду улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген стандарттарды пайдалануу менен өздөрүнө өткөрүлүп берилген мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.
“Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрү болсо мектептердеги абал боюнча кеңири маалымат беришип, окуулар үзгүлтүккө учурабагандыгын, кадрларга, окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле утурумдук айрым көйгөйлөрдү чечүү максатында кыска убакыт аралыгында 2,5 млн долларлык инвестиция тартыларын маалымдашты. Буга кошумча мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарын жаңылоо жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында дагы ири каржылык колдоо көрсөтүлөрү айтылып, чет өлкөлөрдөн да мыкты агартуучулар тартылары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, Түркиянын өкмөтүнө таандык “Маариф” эл аралык фонду дүйнөнүн 55 мамлекетинде иш жүргүзүп, жалпы 112 өлкө менен билим берүү жаатында тыгыз иш алып барып келет. Кыргызстанда аталган фонд тарабынан алгачкы мектеп 2016-жылы ачылган.