Кыргызстан менен Түркия өнөктөштүктү чыңдайт
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри президент Садыр Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. .
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын маанилүүлүгүн айтышты. Ошондой эле ар кыл багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктери ырасталды.
Бириккен Улуттар Уюмунун, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоодо көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруусуна каалоо билдирди.
Тараптар ошондой эле түрк дүйнөсүнүн алкагындагы кызматташтыкты чыңдоонун жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.