Кыргызстан менен Словакиянын дипломатиялык паспорт ээлери визасыз жүрө алат

 Кыргызстан менен Словакиянын дипломатиялык паспорт ээлери визасыз жүрө алат

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан министрлер кабинети менен Словакия өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

 Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан министрлер кабинети менен Словакия өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Аталган макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.

Связанный пост