Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын жаңы 4 жылдык планы бекитилди

 Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын жаңы 4 жылдык планы бекитилди

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун төрагалыгы алдында 2026-2029-жылдарга Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы программасынын презентациясы өттү.

ТИМден билдиришкендей, программа Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Кыргызстандын мамлекеттик органдарына туруктуу экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу, суу ресурстары, энергетика, климаттын өзгөрүүсү жана башка тармактардагы долбоорлорду камтыган кызматташтыктын жаңы программасынын негизги багыттары боюнча маалымат берди.

Тараптар ошондой эле 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык приоритеттүү тармактар боюнча Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын демилгелерин жана сунуштарын талкуулашты.

Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Швейцария Кыргызстандын батыштагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, швейцариялык тарапка Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кошумчалагандай, бул долбоорлор өлкө калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле кыргыз-швейцариялык эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого салым кошот.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы ушундай кызматташуу механизми 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет. Кыргызстан 2013-2016 жана 2017-2021-жылдарга кызматташтык стратегияларын ишке ашырып, 2022-2025-жылдарга кызматташуу программасы аяктоо алдында турат.

Связанный пост