Кыргызстан менен Россиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Кыргыз-россиялык өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.
Россиянын Президентин тосуп алган Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары өз ара түшүнүү, жогорку ишеним жана союздаштык алакалар менен стратегиялык өнөктөштүктү биргеликте чыңдоо ниетине негизделген кыргыз-орус мамилелеринин бекемдигин айкын тастыктап турарын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров көп жылдар бою, анын ичинде окуялары түбөлүккө жалпы тагдырды аныктап, азыркы кызматташтыктын пайдубалын түзгөн Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында биздин элдер биримдикти жана боордоштук колдоону көрсөтүп келгенин белгиледи.
“Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык союздаш, ишенимдүү өнөктөш жана ынак дос болуп келген жана болуп кала берет. Албетте, биз боордош Россия менен болгон бекем жана көп кырдуу мамилелерди ар дайым жогору баалайбыз”, – деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров эки тараптуу күн тартиби үзгүлтүксүз кеңейип, жаңы долбоорлор жана демилгелер менен толукталып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле ал Россия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калаарын, ал эми Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция кызматташтык, инновация жана инвестиция үчүн жаңы горизонтторду ачарын кошумчалады.
“Биз инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жайлык жана гуманитардык демилгелерди өнүктүрүүдө Россиянын колдоосун жогору баалайбыз”, – деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.
Бул контекстте ал 2025-жылы Кыргызстандагы россиялык компаниялардын саны бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөнүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров билим берүү, маданият жана миграциялык саясат жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө маани берди.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен достук мамиледеги Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Россия-Кыргыз мамилелери, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык өз ара сый-урматтын жана тараптардын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде ийгиликтүү өнүгүүдө», – деп баса белгиледи Россиянын Президенти.
Мындан тышкары, ал лидерлер эки жактуу кызматташтыктын негизги маселелерин туруктуу байланышта болуп жеке көзөмөлдөп турушканын ырастады.
Владимир Путин Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү экенин баса көрсөттү.
Ошондой эле Россиядан Кыргызстанга салынган инвестициянын көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткенин белгиледи.
Буга байланыштуу Россиянын Президенти россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга болгон ишеними, алардын кыргыз экономикасына капитал салуусу Президент Садыр Жапаровдун аракеттерине жана өлкөнүн ички саясий абалындагы оң динамикага байланыштуу экенин өзгөчө белгиледи.
«Сиздин жетекчилигиңиз астында республика ички саясий көз караштан алганда туруктуу, ишенимдүү өнөктөш болуп саналат жана бул биздин эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарыбызды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири», – деп Владимир Путин канааттануу менен белгиледи.
Ошондой эле ал аймактар аралык кызматташтык маанилүү орунду ээлей турганын, ага Россия Федерациясынын 80ден ашык субъектиси жана Кыргызстандын бардык жети облусу катышаарын белгиледи.
Владимир Путин ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн багыттарды белгилөө ниетин билдирди.
Президенттердин сөзүнөн кийин эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кыргыз-россиялык кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө баяндама жасашты.