Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун жаңы келечектүү багыттары белгиленди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугушту.
Алардын жолугушуусу Өзбекстанда өтүп жаткан INNOPROM. Central Asia эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Бул контекстте тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун жаңы келечектүү багыттарын белгилешти.